Негизги бет » Жергиликтүү коомчулук » Коомчулук менен өз ара аракеттешүү

Коомчулук менен өз ара аракеттешүү

Долбоор жөнүндө түшүнүктү арттыруу, кооптондурган суроолорду чечүү жана ишенимге негизделген мамилелерди куруу аркылуу «Шамбесай» долбоору жергиликтүү коомчулук менен өз ара аракеттешүүсүн жигердүү түрдө өнүктүрүүгө умтулат. Ошондуктан, Компания тарабынан кабыл алынган коомчулук менен кеңешүү программа төмөнкү кеңешүү ыкмаларын камтыйт: тегерек столдор, семинарлар, фокус-топтордогу жолугушуулар (расмий эмес жана расмий) жана кендерге уюштурулган сапарлар. Долбоордун статусу жана мүмкүн болгон таасирлери, ошондой эле Долбоор тарабынан сунушталган жөнгө салуу чаралар жөнүндө толук кабардар болуу мүмкүнчүлүгү менен жергиликтүү коомчулукту камсыздоо үчүн аталган кеңешүү процесстер аткарылып келген.

2012-жылдын февраль айынан тартып жергиликтүү жана регионалдык бийлик органдары жана коомчулук менен кеңири кеңешүүлөр жүргүзүлүп келген.

Олутту алдыга жылыш 2013-жылы болгон. Майдан айыл округунун жашоочуларынын кызыкчылыктарын билдирген жергиликтүү бийлик органдары менен Компаниянын ортосунда өз ара түшүнүүнү арттыруу жана социалдык шериктештикке багыттарды бирге табуу максатында 2013-жылдын февралында Ош шаарында “Өз ара аракеттешүү жана диалог аркылуу шериктештикти куруу” темасында тегерек стол өткөрүлгөн. Тегерек столго Майдан айыл кеңешинин депутаттары, Майдан айыл округун башчысы, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Компаниянын кызматкерлери катышкан. Компаниянын адистери тегерек столдун жүрүшүндө «Шамбесай» долбоору боюнча маалымат берип, коомчулуктун өкүлдөрүн ойлондурган суроолорго жооп беришкен. Тегерек столдун чечими төмөнкүлөрдөн турган: (i) Долбоордун алкагындагы мындан аркы жана мыйзамдуу иштерди колдоо; (ii) Компания тарабынан долбоор боюнча түшүндүрүү иштердин жүргүзүлүүсү; жана (iii) жергиликтүү бийлик органдары менен бирге Компания тарабынан социалдык пакеттин иштелип чыгуусу.

«Шамбесай» долбооруна тийиштүү коомчулуктун кооптонууларын талкуулап чечүү максатында 2013-жылдын июнунда Майдан айыл округунун башчысы, Майдан айыл кеңешинин депутаттары, тиешелүү мамлекеттик агенттиктердин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Борбордук Офисинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана Минералдык Ресурстар боюнча Мамлекеттик Агенттиктин өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын жетекчилиги алдында Кадамжайда көп тараптуу тегерек стол жолугушуусу уюштурулган. Аталган жолугушуунун чечими төмөнкүлөрдү камтыган: (i) “Зет-Эксплорер” ЖАК долбоордук документацияга ылайык долбоордук жана геологиялык чалгындоо жана айлана-чөйрөгө таасирди баалоо иштерин жүргүзсүн, (ii) Майдан айыл кеңешинин депутаттары жана Майдай айыл округунун башчысы менен бирге “Зет-Эксплорер” ЖАК Майдан айыл округунун жашоочулары үчүн коомдук угуу өткөрсүн; жана (iii) “Зет-Эксплорер” ЖАК жергиликтүү жашоочулардын арасынан такшалган адистерди ишке алсын.

Шайлоочуларына долбоор тууралуу толугураак маалымат берүү үчүн 2013-жылдын октябрында Кадамжайда тиешелүү мамлекеттик органдардын он өкүлү менен жолугушуу өткөрүлгөн.

«Шамбесай» долбоору, айлана-чөйрөнүн коопсуздугун коргоо чаралары боюнча маалымат берүү жана кооптондурган суроолорду талкуулап чечүү максатында 2013-жылдын ноябрында жакын жайгашкан аймактардын айылдык кеңештеринин өтүнүчтөрүнө жооп катары Компания Масалиев, Марказ, Үч-Коргон, Чаувай айыл округдарында жана Кызыл-Кыя шаарында жолугушууларды өткөргөн.

2013-жылдын сентябрынан тартып Компаниянын тиешелүү адистеринин жана Майдан, Масалиев, Марказ, Үч-Коргон, Чаувай айыл округдарынын жана бүгүнкү күндө Ош жана Бишкек шаарларында жашап жаткан аталган аймактын жашоочуларынын чакан топторунун катышуусу менен «Шамбесай» долбоору боюнча 70 ашык маалымат жолугушуулар (ар бир жолугушууда орточо 10 адам) өткөрүлгөн. Компаниянын өкүлдөрү бардык суроолорго жооп беришкен. Мындай жолугушуулар 2016-жылы да өткөрүлүп жатат.

Түшүндүрүү иштер долбоордук маалымат материалдардын кеңири таркатылуусу («Шамбесай» долбоору, экологиялык саясаты, технологиясы, коомчулукту өнүктүрүү долбоорлору жана башка суроолорду камтыган карталар, брошюралар, маалымат баракчалар), аймактык жана республикалык массалык маалымат каражаттарында макалалардын басылышы, аймактык жана республикалык телеканалдарда Долбоор тууралуу тасмалардын жана жаңылык репортаждарынын эфирге чыгуусу жана алардын жергиликтүү жашоочулардын арасында дисктерде таратылуусу менен коштолуп келген.

Кооптонууларын билдирүүгө жана Компанияга бардык суроолорун берүүгө жергиликтүү коомчулук үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында 2012-жылдын башында 0772909000 тынымсыз байланыш номуру уюшулган. Суроолорго жооп бере алчу же белгилүү мөөнөттүн аралыгында жооп бере алчу тиешелүү кызматкерлерге суроолорду жеткирип туруучу коомчулук менен байланыш жана өнүктүрүү боюнча адистер тынымсыз байланыш номурун тейлеп турушат. Тынымсыз байланыш номуру жергиликтүү жашоочуларга бардык мүмкүн болгон кооптонууларын билдирип турууга шарт түзүп берет.