Негизги бет » Пресс борбор » Видео галерея

Видео галерея


» Шамбесайдын жаңы инвестору цианидсиз технологияны колдонууда Шамбесайдын жаңы инвестору цианидсиз технологияны колдонууда
«Шамбесай» долбоорунун жаңы инвестору «Тианди Интернэшнл» компаниясы алтынды рудадан алууда цианидди колдонбой технологиялык процессин оптимизациялоо иштерин жүргүзүүдө. Азыркы учурда компания экологиялык жактан коопсуз АСИ реагентин колдонууну көздөп жатат.

» Шамбесай кенинин көрүнүшү кандай болот? Шамбесай кенинин көрүнүшү кандай болот?
Долбоордун алкагында негизги карьер, беш кичи карьер, жараксыз тоо-тектердин чоң үйүндүсү, жараксыз тоо-тектердин кичи үйүндүсү, чанда шакардоо аянты, майдалоочу-сорттоочу аянты, үймөктөп шакардоо аянты, гидрометталлургия цехи, жардамчы имараттар жана курулмалар каралган. 

» Шамбесай кениндеги бургулоо жана жардыруу иштеринин коопсуздугу Шамбесай кениндеги бургулоо жана жардыруу иштеринин коопсуздугу
Бургулоо жана жардыруу иштери “Жардыруу иштерин жүргүзүүдөгү бирдиктүү коопсуздук эрежелерине” ылайык жүргүзүлүп, Компаниянын кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар үчүн коопсуз болот.

» Алтынды сатуудан жергиликтүү бюджетке салым Алтынды сатуудан жергиликтүү бюджетке салым
Алтын өндүрүлүп баштагандан кийин, «Z-Explorer» компаниясы алтынды өндүрүүдөн жана сатуудан түшкөн пайданын 2% төлөп турат, ал Кадамжай районунун өнүктүрүү фондусуна жана Майдан айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине бөлүнөт.

» «Шамбесай» долбооруунун чөлкөмдүн жашоочуларына пайдалары «Шамбесай» долбооруунун чөлкөмдүн жашоочуларына пайдалары
«Шамбесай» долбоору ишмердүүлүгү жүрүп жаткан чөлкөмдүн жашоочуларына узак мөөнөттүү социалдык жана экономикалык пайдаларды алып келүүгө умтулат. Пайдаларга салыктык чегеримдер жана салыктык эмес  төлөмдөр, жаңы түз жана кыйыр жумуш орундарын түзүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу кирет.

» «Z-Explorer» компаниясынын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетке чегеримдери «Z-Explorer» компаниясынын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетке чегеримдери
«Z-Explorer» ЖАК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик бюджетке салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр менен чегеримдерди такай төлөп турат жана каржылык милдеттенмелерин толук аткарат. Салык төлөмдөрү кен жайгашкан аймактагы жергиликтүү бюджетке жана мамлекеттик бюджетке адилеттүү түрдө бөлүштүрүлөт. 

» «Z-Explorer» компаниясы жергиликтүү коомчулукка кандай жардам көрсөтүп келе жатат?  «Z-Explorer» компаниясы жергиликтүү коомчулукка кандай жардам көрсөтүп келе жатат?
2008-жылдан тартып 2017-жылдын август айына чейин социалдык программаларды ишке ашырууга Компания тарабынан 11 млн. сомдон ашык каражат жумшалган. Жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктары жана кооптонуулары толук эске алынуусу үчүн жергиликтүү жашоочулар жана жергиликтүү бийлик органдары менен ар дайым кеңешүүлөр өткөрүлүп турат.

» Майдан аймагынын жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн кен казуу иштеринин негиздерине окутуу Майдан аймагынын жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн кен казуу иштеринин негиздерине окутуу
«Z-Explorer» компаниясы Майдан айыл аймагынын жергиликтүү калк арасынан кен казуу иштерине керектүү атайын адистерди даярдоо үчүн окуу курстарын уюштурду.

» Кадамжайда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн ”Шамбесай” долбоорунун презентациясы Кадамжайда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн ”Шамбесай” долбоорунун презентациясы
2017-ж. 19-майда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында “Шамбесай” алтын кен долбоорунун кезектеги презентациясы болуп өттү. Презентация мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн уюштурулду.

» Шамбесай долбоору боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Z-Explorer компаниясынын катышуусундагы Оштогу кеңешме жыйын (Баткен ТВ, атайын репортаж) Шамбесай долбоору боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Z-Explorer компаниясынын катышуусундагы Оштогу кеңешме жыйын (Баткен ТВ, атайын репортаж)
2017-жылдын 1-мартында Ош шаарында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Шамбесай долбоору боюнча кеңешме жыйын өттү.