Негизги бет » Жергиликтүү коомчулук » Жергиликтүү коомчулук менен өз ара аракеттешүү жана өнүктүрүү саясаты

Жергиликтүү коомчулук менен өз ара аракеттешүү жана өнүктүрүү саясаты

«Шамбесай» долбоору ишмердүүлүгү жүрүп жаткан аймактын жашоочуларынын бейпилдигине кызыкдар. Биз «Шамбесай» долбоорунун пайдаларын адилеттүү таркатуу аркылуу жергиликтүү калктын социалдык, экономикалык жана институционалдык өнүгүүсүнө салым кошууга жана тынымсыз байланыш аркылуу ишеним жана урматка негизделген мамиле курууга милдеттенебиз.

Биздин коомчулук менен өз ара аракеттешүү жана өнүктүрүү мамилебиз төмөнкү принциптерге негизделген:

  • Коомчулуктун «Шамбесай» долбоору жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн пландалган долбоордук жана айлана-чөйрө жаатындагы иштерибиз жөнүндө так жана убагында маалымат берүү;
  • Коомчулуктун суроолорун, көйгөйлөрүн жана нааразычылыктарын чечүү үчүн так механизмдерди орнотуу жана тиешелүү конфликт чечүү процесстери менен камсыздоо;
  • Жергиликтүү коомчулуктун көпчүлүгүнө көрүнүктүү пайда келтире алган жергиликтүү иш ордуларын көбөйтүүгө жана узак мөөнөттүү иш мүмкүнчүлүктөрүн жаратууга багытталган коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорду демилгелөө;
  • Компания тарабынан тандалып, жумушка алынган жергиликтүү жашоочуларга кесиптик шыктарды өздөштүрүү боюнча окуулар уюштурулат, ушуну менен алар алтын өндүрүү долбоору аяктагандан кийин да окуп-үйрөнгөн шыктарынын пайдасын бир топ мезгилге чейин көрүшөт;
  • Жергиликтүү калктын негизги муктаждыктарын (жол, саламаттык, билим берүү, жумуш ордулары, же суу менен камсыздоо) чечүү үчүн салым кошуу;
  • Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлордун натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жергиликтүү бийликтер, мамлекеттик эмес уюмдар, чет элдик уюмдар жана жергиликтүү калк менен байланыш түзүү, кеңешүү жана кызматташуу;
  • Жергиликтүү калктын компанияга көз карандылыгын алдын алуу үчүн Компаниянын жергиликтүү элдин катышуусу менен аткарылган долбоорлорго катышуусу аркылуу коомчулуктун дараметин жогорулатуу;
  • Чөлкөмдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жергиликтүү товарлар менен кызматтарга артыкчылык берүү.