Негизги бет » Биз жөнүндө » Инвестор жөнүндө

Инвестор жөнүндө

Z-Explorer ЖАКнун ээси - австралиялык Манас Холдингс (Кыргыз) Питивай Лтд компаниясы. 2017-жылдын январь айынан тартып Z-Explorer ЖАКнун инвестору Гонконг шаарында (Кытай Эл Республикасы) жайгашкан жана кен-байлыктарды иштетүүчү “Тианди Интернэшнл Майнинг Компани Лимитед” (Tiandi International Mining Co. Limited) компаниясы болуп эсептелет. “Тианди Интернэшнл Майнинг Компани Лимитед” компаниясы 1992-жылы негизделген “Гуйчжоу Геоложикал энд Минерал Ресоурсес Девелопмент Компани Лимитед” (Guizhou Geological and Mineral Resources Development Company Limited) компаниясынын туунду компанияларынын бири болуп эсептелет.

“Гуйчжоу Геоложикал энд Минерал Ресоурсес Девелопмент Компани Лимитед” компаниясы ири мамлекеттик ишкана болуп, геологиялык чалгындоо иштери жана кен байлыктарды иштетүү иштерин жүргүзүп, түстүү жана баалуу металлдар, көмүр жана башка продукция жана технологиялар соодасын жүргүзүп келет. Акыркы жыйырма жылда аталган мамлекеттик ишкана өзүнүн артыкчылыктарын ишке ашырып,түштүк-батыш Гуйчжоу провинциясынын “Кытайдын алтын провинциясы” катары өнүгүүсүнө басым жасоо менен өнүгүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонду. Кытайдан тышкары өсүп, 2007-жылдан тартып компания «чет өлкөгө чыгуу» мамлекеттик стратегиясын жолдоду.

“Гуйчжоу Геоложикал энд Минерал Ресоурсес Девелопмент Компани Лимитед” компаниясынын активдеринин жалпы суммасы 300 миллион АКШ доллардан ашык жана уставдык капиталы 18 миллион АКШ долларын түзөт. Азыркы учурда компаниянын алтын жана жез иштетүү үчүн 20дан ашык лицензиясы бар, ошондой эле Гуйчжоу, Синьцзян, Ганьсу провинциялардын түштүк-батышында жана түндүк-батышында жана соода каналдары бар Танзания, Гвинея өлкөлөрүндө полиметаллдык, ванадий жана темир кендери бар.

Чет өлкөлөрдөгү активдерди инвестициялоо, кендерди чалгындоо жана иштетүү аркылуу “Гуйчжоу Геоложикал энд Минерал Ресоурсес Девелопмент Компани Лимитед” баалуу тажрыйба топтоп, өз ордун бекемдеди. Кыргыз Республикасынын аймагында алтын кенин чалгындоо жана иштетүү үчүн керектүү заманбап технологияларга, тажрыйбага жана билимге, ошондой эле жетиштүү каржылык жана адамдык ресурстарга компания ээ.

“Гуйчжоу Геоложикал энд Минерал Ресоурсес Девелопмент Компани Лимитед” компаниясынын иш принциби: биримдик, инновация, жоопкерчилик. Кызматташуу философиясы: ак ниеттүүлүк жана өз ара пайдалуу кызматташтык. Миссиясы – туруктуу өнүгүүгө жетүү.

 

Туунду компаниялары:

  • Guizhou Geological Mining International Investment Co., Ltd
  • Guizhou province Energy and Mineral Import & Export Co., Ltd
  • Southwest Energy and Mineral International Investment Company Limited

Биргелешкен ишканалар

  • Guizhou Jinfeng Mining Co., Ltd
  • Guizhou Zijin Mining Co., Ltd
  • Guizhou Southwest Zijin Gold Development Co., Ltd
  • Guizhou Southwest State Pu` an County Nibao Gold Mine
  • Guizhou Southwest State Zhenyuan County Jianggu Vanadium Mine
  • Guishan Mining Co., Ltd и Guifeng Co., Ltd и др.