Негизги бет » Ишке орношуу » Карьералык мүмкүнчүлүктөр

Карьералык мүмкүнчүлүктөр

«Шамбесай» долбоорунун жетишкендиктери кызматкерлеринин бирге мыкты иш алып баруусуна негизделет. Ар бир кызматкер биз үчүн абдан маанилүү. Биз адамдарды бардык мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүүгө жана дараметтерин жогорулатып, «Шамбесай» долбоорунун кызматкерлерине кошулуп, ийгиликтерди бирге бөлүшүүгө чакырабыз.

Жергиликтүү жашоочулар үчүн артыкчылык негизде карьералык мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу биздин максатыбызга кирет. Түзүлгөн иш орундар аркылуу «Шамбесай» долбоору
айланасындагы жашоочулардын бейпилдигине кошумча салым кошоруна ишенебиз. Кыргыз Республикасынын башка аймактарына же чет өлкөлөргө иш издеп кеткен жергиликтүү жашоочуларды үйлөрүнө кайтып келип, Шамбесай кенине ишке орношууга «Шамбесай» долбоору чакырат.

Жергиликтүү жашоочулардын мыйзамга ылайык квалификациясы жана сертификаттары болуп, Компаниянын жумушка алуу критерийлерине жооп беришсе, алар төмөнкү жумуштарда иштей алышат: жетекчилер, мастерлер, бригадирлер, техникалык көзөмөлдөчүлөр, жеңил унаа айдоочу, жүк ташуучу унаа айдоочу, бульдозер жана экскаватор айдоочу, механик, ширеткич, алтын иштетүү оператор, лабораториялык техник, ашчы, лагер жумушчусу, офис жардамчысы, эсепчи, инженер. Компанияга тандалып, жумушка алынган адамдар атайын кесиптик окуудан өтүүсү Компания тарабынан каржыланат.

Шамбесай кениндеги ишмердүүлүк кыйыр түрдө ишке орношуу жана аймакта чакан бизнести өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен коштолот. «Шамбесай» долбоорунун сатып алуу саясаты бар жана ага ылайык Компаниянын талаптарына жооп берсе, жергиликтүү кызматтарга жана товарларга артыкчылык берилет. Жергиликтүү сатып алууга төмөнкүлөр кирет: цемент, ылай, шагыл, иче турган суу, ичимдиктер, жашылча-жемиш, эт (уйдун, койдун, тооктун), офистик буюмдар, лагер шаймандары, тазалык материалдары, чакан техника, жергиликтүү өндүрүлгөн ар кандай материалдар, ж.б.

Жергиликтүү кызматка төмөнкүлөр кирет: жарнама, жумушчу окутуу кызматы, калдыкты кайра иштетүү, ташуу, механикалык оңдоо, ж.б.

Биздин ар бир кызматкерибиздин Компанияда кайталангыс орду бар жана ал Баткен областындагы эң ири өндүрүштүк ишмердүүлүктүн бирин түптөөгө катышмакчы.