Негизги бет » Жергиликтүү коомчулук » Социалдык салымдар жана коомчулукту өнүктүрүү

Социалдык салымдар жана коомчулукту өнүктүрүү

«Шамбесай» долбоору ишмердүүлүгү жүрүп жаткан чөлкөмдүн жашоочуларына узак мөөнөттүү социалдык жана экономикалык пайдаларды алып келүүгө умтулат. Долбоор аймактын жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган программаларды ишке ашыруу аркылуу Майдан айыл округунун жашоочуларына кеңири колдоо көрсөтүп келет.

2008-жылдын январь айынан баштап 2017-жылдын сентябрь айына чейин Майдан айыл округунда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 12,2 млн. сом бөлүнүп берилген. Долбоор бөлүп берген каржы каражаттары жергиликтүү дыйкандар жана бейтапкана үчүн суу чарпалектерин куруу, айылдын жолдорун оңдоп түзөө жана калыбына келтирүү, жергиликтүү мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук тутумун орнотуу, Майдан округунун жаштарынын жогорку окуу жайда төлөй турган акысынын жарымын төлөө, жергиликтүү жашоочулар үчүн окууларды уюштуруу, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүү сыяктуу социалдык долбоорлорго жумшалган.

Коомчулукту өнүктүрүү боюнча бардык долбоорлор жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташтыкта пландаштырылып аткарылат. Жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктары жана кооптонуулары толук эске алынуусу үчүн жергиликтүү жашоочулар менен ар дайым кеңешүүлөр өткөрүлүп турат.

Мыйзам талап кылбаганына карабастан жергиликтүү жашоочуларга иш ордуларын түзүп берүүгө жана жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга багытталган социалдык пакетти «Шамбесай» долбоору өз ыктыяры менен иштеп чыкмакчы. Шамбесай кени иштеп турган учурда эле эмес, кен иштери аяктагандан кийин дагы аймактын туруктуу түрдө социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо биздин максат болуп саналат.


» Каржылык жана демөөрчүлүк жардам
“Зет-Эксплорер” ЖАК 2008-2017-жылдар аралыгындагы коомчулукту өнүктүрүү долбоорлору

» Жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү
«Шамбесай» долбоору жергиликтүү жашоочулар жана бийлик органдар менен өнөктөштүктө коомчулукту туруктуу өнүктүрүү демилгелердин алкагында иш алып барууга умтулат. Ошондой эле, өкмөттүк эмес уюмдар, социалдык топтор жана ишканалар менен тиешелүү түрдө кызматташууну көздөйт.