Негизги бет » Коопсуздук

Коопсуздук

Коопсуздук техникасы

“Зет-Эксплорер” ЖАК Кыргыз Республикасынын нормативдүү талаптарына жооп берген коопсуз жумуш шарттарын камсыз кылууга умтулат жана эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы жаатындагы эл аралык ченемдерди менен стандарттарды колдонот.

Жумушчулардын ден-соолугуна болгон коркунучтарды азайтуу үчүн Кенди долбоорлоодо коопсуздук факторлору эске алынган.

Ар тарапты камтыган эмгекти коргоо жана коопсуздукту башкаруу системасы Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына жана эл аралык OHSAS 1800 эмгекти коргоо жана коопсуздукту башкаруу системасына ылайык түзүлгөн жана Долбоордун курулуш, өндүрүш жана жабылыш стадияларында ишке ашырылат.

«Шамбесай» долбоорунда коопсуздук боюнча сактык кампаниялары жүргүзүлүп турат жана жумушчуларына жана жалданган фирмаларга төмөнкүдөй үзгүлтүксүз коопсуздук машыгууларды өткөрүлүп турат:

Компания коопсуздук боюнча түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүп турат, ошондой эле кызматкерлери жана жалданма уюмдар үчүн төмөндөгүдөй коопсуздук боюнча окутууларды ар дайым уюштуруп келет:

  • Коопсуздук боюнча көрсөтмө берүү
  • Айдоочуларды машыктыруу
  • Биринчи жардам окутуусу жана
  • Өзгөчө кырдаалдар үчүн даярдыкка машыктыруу

Өндүрүш башталардан мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жумушчуларга эмгек коопсуздугу боюнча толук машыгуулар өткөрүлөт.

Саламаттыкты сактоо

«Шамбесай» долбоору өз жумушчу күчүнүн ден-соолугу өз ишмердүүлүгү үчүн чоң мааниге ээ экенин түшүнөт.

Биздин максатыбыз - жумушчулардын ден-соолугун жана бейпилдигин бекемдөө. Биз ден-соолук коркунучтарын аныктоо жана көзөмөлдөөнү мамлекеттик жана эл аралык эрежелерге ылайык жыштыкта же коркунучтарды аныктоо аркылуу аткарабыз.

Биздин саламаттыкты сактоо боюнча саясатыбыздын негизги принциптери төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Ден-соолук жаатындагы бардык мыйзамдарына жана эрежелерине туура келүү.
  • Кендеги жумушчуларга биринчи жардам көрсөтүү пунктун ачуу.
  • Жумушчулардын өз милдеттерин аткаруусун камсыз кылуу үчүн жумушка алардан мурда жана мезгилдүү медициналык текшерүүлөрдү өткөзүү.
  • Үзгүлтүксүз жумушчулардын ден-соолугун көзөмөлдөө.‏
  • Кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоо үчүн шарттарды түзүү.