Негизги бет » Айлана-чөйрө » Айлана-чөйрөнү коргоо » Цианид колдонуу

Цианид колдонуу

Цианид - табигый жана өндүрүш булактарынан алынган химиялык зат. Цианид аз өлчөмдө жаратылышта кездешет, мисалы - бадамда, алмада жана бататта. Изилдөөлөр көргөзгөндөй, цианид адамдын денесинде же айлана чөйрөдө чогулуп калбайт. Бул рак оорусуна же майып төрөлүүгө алып келбейт. Цианид жаратылышта кездешет жана күн нурунун, атмосфералык кычкылтектин, бактериялардын жана жаан-чачындан таасиринен жана башка табигый процесстерден улам жок болуп, коопсуз курамдарга айланат.

Ал көбүнчө дары-дармектерди чыгарууда жана пластмассалык буюмдарды өндүрүүдө гана эмес, медициналык жана көркөм чыгармачылык максаттарда да колдонулат. Дүйнө жүзү боюнча тоо-кен тармагы цианиддин 18% гана колдонот. Дүйнө жүзүндөгү алтын өндүрүүчү ишканалардын 80% (б.а. 400 ашуун) кенден алтынды бөлүп алуу үчүн цианидди колдонушат. Дүйнө жүзү боюнча 100 жылдан ашуун колдонулуп келген бул технология - цианид менен шакардоо технологиясы деп аталат.

«Шамбесай» долбоору үчүн экологиялык жана социалдык жактан эң коопсуз ыкма катары эсептелген алтын кенин өндүрүүдө үймөктөп жана чанга салып шакардоо процессин колдонуу сунушталууда. Башка ыкмаларга салыштырмалуу чанга салып жана үймөктөп шакардоо ыкмалары коопсузураак, анткени казылып алынган кендер абдан майда бөлүкчөлөргө майдаланбайт жана калдыктарды сактоочу жайга жайгаштырылбайт жана бул аталган аймактын жогорку сейсмикалык активдүүлүгүн эске алганда абдан маанилүү.

«Шамбесай» долбоору өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын цианидди колдонуу боюнча тиешелүү мыйзамдарына жана мыкты тажрыйбаларды колдонууга үндөгөн цианидди колдонуу боюнча эл аралык кодекстин нормаларына ылайык жүргүзмөкчү. Бул ыктыярдуу кодекс Бириккен Улуттар Уюмунун Айлан-чөйрө Программасынын калкасында көп тараптуу топ тарабынан түзүлгөн. Кодекс цианидди чыгаруу, ташуу, сактоо, колдонуу жана колдонуудан чыгаруунун жана ага байланыштуу объектилердин коопсуздугу боюнча деталдуу талаптарды аныктайт.