Негизги бет » Жергиликтүү коомчулук » Социалдык салымдар жана коомчулукту өнүктүрүү » Жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү

Жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү

«Шамбесай» долбоору жергиликтүү жашоочулар жана бийлик органдар менен өнөктөштүктө коомчулукту туруктуу өнүктүрүү демилгелердин алкагында иш алып барууга умтулат. Ошондой эле, өкмөттүк эмес уюмдар, социалдык топтор жана ишканалар менен тиешелүү түрдө кызматташууну көздөйт.

Аймакта чалгындоо иштери башталгандан тартып «Шамбесай» долбоору жергиликтүү жашоочуларга ар убакта социалдык жардам көрсөтүп келген. Аларга жолдорду оңдоо жана сугат каналдарын куруу үчүн техника берүү, жана мектеп куруу, социалдык иш-чаралар жана иш ордуларын түзүү сыяктуу социалдык өнүктүрүү демилгелер үчүн жардам берүү кирет.

Жергиликтүү бийлик органдар жана жашоочулардан турган ар кандай топтор менен тыгыз иш алып баруу аркылуу 2012-жылдын башынан тартып «Шамбесай» долбоору төмөнкү өнүктүрүү долбоорлорду ишке ашырган. Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:

  • Каналдардан суу алууну жеңилдетүү үчүн гидростатикалык суу чарпалектерди орнотуу – бир нече жергиликтүү дыйкандар жана Майдандын клиникасы үчүн демонстрациялык мындай төрт чарпалек орнотулган; аталган технологияны тааныштыруу үчүн жергиликтүү СТЛИ өкмөттүк эмес уюм ишке тартылган;
  • Инфраструктураны жакшыруу – жылытуу тутумдарын оңдоо жана куруу үчүн жергиликтүү үч мектепке жана клиникага каржылык жардам көрсөтүлгөн; Исфайрам дарыясын бойлогон коомдук жолдун батыш тарабынын абалын жакшыруу үчүн жолду оңдоп-түзөө иштер аткарылган;
  • Кесиптик окуулар – жергиликтүү кесиптик билим берүү окуу жайы менен кызматташтыкта айылдык жаштардын тобуна ишкердүүлүк боюнча окутуу өткөрүлгөн; дыйкандардын тобу үчүн жергиликтүү ТЕС өкмөттүк эмес уюм бак дарактарды кароо боюнча окутуу жүргүзгөн;
  • Чакан бизнести колдоо – Кара-Жыгач айылындагы тигүү цехинде иштеген жергиликтүү аялдардын тобуна Ош шаарындагы кийим тигүүчү ишканага окуу сапар уюштурулуп, атайын окутуулар өткөрүлгөн;
  • Жаштарды өнүктүрүү – Майдан айыл округунун жана Баткендин командалары үчүн Майдан айыл округунун мектептик волейбол жана футбол боюнча мелдештерин каржылаган жана жергиликтүү жаштардын аймактык жана республикалык жаштарга тиешелүү иш-чараларга катышууларын каржылаган;
  • Билим – жогорку окуу жайлардагы кирүү сынактарга даярдоо үчүн Майдан айыл округунун жогорку класстарынын окуучуларына атайын сабактар өткөрүлгөн; жана сынактардын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алып тандоодон өткөн 8 студенттин жогорку окуу жайдагы төлөмүнүн жарымын төлөп туруучу университеттик стипендиялык программа ишке кирген;
  • Маданиятты колдоо – Курман айт майрамын майрамдоо жана башка маданий иш-чаралар үчүн Майдан айыл округуна каржылык жардам көрсөтүлгөн.

2008-2017 - жылдар аралыгындагы коомчулукту өнүктүрүү боюнча бардык долбоордун толук тизмесин Каржылык жана демөөрчүлүк жардам бөлүмүнөн таба аласыз.

«Шамбесай» долбоору жергиликтүү бийлик органдар менен макулдашылган социалдык пакетти ишке ашыруу аркылуу «Шамбесай» долбоору алтын өндүрүп баштагандан кийин чөлкөмдүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу түрдө салым кошууну пландаштырууда.