Негизги бет » Пресс борбор » Видео галерея » Майдан айыл округунун жашоочулары үчүн иштеп жаткан алтын кендерине таанышуу сапарлар

Майдан айыл округунун жашоочулары үчүн иштеп жаткан алтын кендерине таанышуу сапарлар

2017-жылдын февралынан тартып Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кадамжай райоунун мамлекеттик администарциясы жана «Z-Explorer» компаниясы менен бирге Казахстандагы Когадыр жана Кыргызстандагы Талдыбулак Сол жээк алтын кендерине таанышуу сапарларды уюштурган. Сапарлардын максаты – тоо-кен объектилеринде иштердин уюштурулушу менен иш жүзүндө таанышуу үчүн Майдан айыл округунун жашоочуларына мүмкүнчүлүк берүү. Катышуучулар Когадыр кениндеги үймөктөп шаркардоо ыкмасы жана Талдыбулак Сол жээк кениндеги флотация ыкмасы аркылуу алтын өндүрүү процесси менен таанышышып, иштөөчү цехтерге барышып, кендеги жумушчулар жана жакын жашаган жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Таанышуу сапарлар Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде өткөрүлгөн “Шамбесай” Долбоорунун презентациясы менен жыйынтыкталды.