Негизги бет » Пресс борбор » Видео галерея » Майдан аймагынын жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн кен казуу иштеринин негиздерине окутуу

Майдан аймагынын жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн кен казуу иштеринин негиздерине окутуу

«Z-Explorer» компаниясы Майдан айыл аймагынын жергиликтүү калк арасынан кен казуу иштерине керектүү атайын адистерди даярдоо үчүн окуу курстарын уюштурду. Окутуу курсу  КРнын Өнөр жай, энергетика, жер жана казыналарды пайдалануу мамлекеттик комитети алдындагы Тармактар аралык окутуу борбору аркылуу жүргүзүлгөн. Жалпысынан 47 жаран тоо-кен тармагында иштөөгө  мүмкүнчүлүк  алышып,  сертификатка ээ болушту. Окутуу мезгили бир ай бою жүргүзүлүп, төрт багыт боюнча билим берди: тоо-кен жумуштарынын негиздери, компьютерде иштөөнүн негиздери, эмгек коргоо жана өндүрүштүн санитариясы ошондой эле экологиянын негиздери.