Негизги бет » Биз жөнүндө » Шамбесай алтын кени » Жалпы маалымат

Жалпы маалымат

Шамбесай алтын кени Баткен областындагы Кадамжай районунун Майдан айыл округунда деңиз деңгээлинен 1200-1500 м бийиктикте, Ош шаарынан 110 км жана Бишкек шаарынан 760 км аралыкта жайгашкан.


Шамбесай кени 2007-жылы “Зет-Эксплорер” ЖАК (мындан ары - "Компания") тарабынан табылган.

Шамбесай кени Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнөн бери табылган биринчи алтын кен болуп эсептелет. Компаниянын Кыргыз Республикасындагы геологиялык чалгындоо иштерине жумшаган жалпы инвестициясы 29 миллион АКШ долларын түзөт.

Шамбесай кениндеги алтындын кору эсеп боюнча 7,8 тоннаны түзөт. Бир тоннада орточо 3,83 гр алтын камтылган 2,1 миллион тонна кычкылданган кен иштетилип, болжол менен 6 тонна алтын өндүрүлмөкчү. Алдын ала алынган эсеп боюнча жылына 485 миң тонна кычкылданган кен иштетилет. Казылып алынган тоо-тектин жалпы көлөмү орто эсеп менен 20 миллион тоннаны түзөт.

Бир тоннада орточо 3,37 гр алтын камтылган 0,4 миллион тонна сульфид кениндеги баланстан тышкары 1,3 тонна алтын келечекте мүмкүн кайра иштетүү үчүн өзүнчө сакталат.

Лицензиялар жана уруксаттар

“Зет-Эксплорер” ЖАК 2006-жылдан тартып АП 235 Лицензиясынын негизинде Исфайрамсай аянтындагы пайдалуу кен байлыктарды издөө жана чалгындоо боюнча иштерин аткарып келет. Компания 2007-жылы Исфайрамсай аянтынан Шамбесай алтын кенин тапкан.

Алтын кен чыккан жерди биринчи тапкан уюм катары жана “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо боюнча “Зет-Эксплорер” ЖАКуна кен казуу лицензиясын колдонууга айрыкча укук берилген. 2012-жылдын декабрь айында “Зет-Эксплорер” ЖАК Шамбесай кенин иштетүү үчүн пайдаланууга укук берген 3164 АЕ лицензиясын алган. №1 лицензиялык тиркеменин алкагында Компания долбоордук документтерди иштеп чыгуу, экспертизадан өткөрүү, жердин бөлүнүп берилиши, тоо-кен металлургиялык комплексти куруу жана ишке киргизүү боюнча иштерди аткарууда.

Компаниянын иштери жергиликтүү бийлик органдары менен толук макулдашылган.

Жогоруда аталгандардан тышкары, “Зет-Эксплорер” ЖАК Жиңгилсай (алтын жана башка металлдарды издөө), Толубай (алтын жана башка металлдарды издөө), Тамашасай (кум жана топурак чалгындоо), Боз (курманды чопо менен кум көбүрөөк болгон топурак чалгындоо), Боорду (кум жана топурак чалгындоо) лицензиялык аянттарга ээлик кылат.