Негизги бет » Пресс борбор » Видео галерея » Баткендеги коллегияда мурунку Премьер Министр Ж.Сатыбалдиевдин катышуусу менен Шамбесай долбоорун талкуулоо (атайын репортаж, Баткен ТВ)

Баткендеги коллегияда мурунку Премьер Министр Ж.Сатыбалдиевдин катышуусу менен Шамбесай долбоорун талкуулоо (атайын репортаж, Баткен ТВ)

Республикадагы инвестициялык климатты жакшыртуу маселеси 2014-ж. 28-январында Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Баткен дубанындагы жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларынын ортосунда болуп өткөн жолугушуунун күн тартибиндеги негизги маселе катарында каралды. Акчаны башка чөлкөмдөргө бөлүштүргөн мурункудай cоветтик Москва жок, бүгүнкү күнү өкмөттүн жергиликтүү бюджеттерди "тойгузууга" каражаты жетпей жаткандыктан, «ар бир айыл өкмөтү жана райондук деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдары мамлекетти карап отура бербестен, өз бюджетин өз күч-аракети менен толтурууга аракет кыла бериши керек» деп Премьер-министр айтып өткөн. Майдан айыл округундагы Шамбесай алтын кени ийгиликтүү иштеп, алтын өндүрө баштаса, жергиликтүү коомчулукка келечекте экономикалык жактан салмактуу пайда келтире турган экономикалык жактан зор мааниге ээ долбоор деп аталган.