Негизги бет » Биз жөнүндө » Шамбесай алтын кени » Көп берилген суроолор

Көп берилген суроолор

Суроолоруңуз болсо, кайра байланыш формасы, электрондук дарек же телефон аркылуу бизге жөнөтүңүз. 

Кенде алтындан башка кандай металлдар бар?

«Шамбесай» кенинде жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоо иштери учурунда 40000 керн сынамы алынган. Долбоордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулата алуучу башка баалуу курамчаларды аныктоо максатында сынамдардын дээрлик көбү 35 элемент боюнча талданган (Au, Ag, Al, As, Ba, Be, Bi, Ca, Cd, Co, Cr, Cu, Fe, Hg, K, La, Mg, Mn, Mo, Na, Ni, P, Pb, Sb, Sc, Se, Sn, Sr, Te, Ti, V, W, Y, Zn, Zr). Комплекстүү талдоо иштер негизинен божомолдуу карьердин чек арасындагы корлордун чөйрөсызыгында жүргүзүлгөн. Талдоолорду тастыкталган Alex Stewart лабораториясы жүргүзгөн.

Өндүрүштүк баалуулук жаратуучу башка курамчалар табылган эмес. Зыяндуу кошунду элементтерден аз көлөмдө мышьяк (орточо өлчөмү кенде – 0,09179%, металл аралашпаган кенде – 0,00882%) жана сымап (орточо өлчөмү кенде - 0,00616%, металл аралашпаган кенде – 0,00043%) табылган. Аткарылган иштердин натыйжасында кенде негизги бир эле металл бар экени аныкталган. Эсептердин тууралыгы көзөмөлдөөчү органдар жана көз карандысыз тармактык кызматтар тарабынан ырасталган.

Цианид колдонуу айлана-чөйрө жана адамдар үчүн коопсузбу?

Дүйнө жүзү боюнча алтын кен компаниялардын 80% кенден алтынды ажыратып алуу үчүн цианид колдонушат. Бул технология цианид менен шакардоо деп аталат жана дүйнөдө 100 жылдан ашык колдонулуп келет. "Шамбесай» долбоору үчүн цианиддин суюк эритмесин колдонуу менен үймөктөп жана чанда шакардоо ыкмалары сунушталууда. Аталган алтын өндүрүү ыкмасы айлана-чөйрө жана адамдар үчүн бирден бир текшерүүдөн өткөн жана эң коопсуз ыкма болуп саналат. Башка ыкмаларга салыштырмалуу үймөктөп жана чанда шакардоо азыраак тобокелдиктер менен мүнөздөлөт, анткени куюп коймо калдыктарды сактоочу жайдын курулуусун талап кылбайт жана ал региондун сейсмикалык активдүүлүгү жогору экенин эске алганда абдан маанилүү.

Компания цианид менен иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле цианидди колдонуу боюнча Эл аралык кодексти катуу сактоо аркылуу «Шамбесай» долбоорун ишке ашырууда алдынкы эл аралык тажрыйбанын колдонулуусун камсыздайт. «Экобезопасность» өкмөттүк эмес уюмдун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу биотехнология институтунун жардамы менен «Oxus International» тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде даярдалган «Цианид жана алтын өндүрүү жөнүндө маалымат» презентациясынан цианид тууралуу толугураак маалымат таба аласыз.

Кенди ачык ыкма менен иштетүүдө кандай радиоактивдүү заттардын чыгуусу мүмкүн жана алар жергиликтүү жаныбарларга жана өсүмдүктөргө кандай терс таасирин тийгизиши мүмкүн?

Кенди ачык ыкма менен иштетүү жана үймөктөп шакардоо ыкмасы радиоактивдүү заттардын чыгуусу менен коштолбойт. Уран, торий, полоний, радий жана мындай башка элементтерди камтыган кендерди казып алууда радиация башынан эле бар болот. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык Шамбесай кенинен алынган сынамдарда радиоактивдүү элементтер кездешкен эмес. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин архивинде сакталат жана алар менен таанышуу мүмкүн. 

Келечекте кендин муктаждыктары үчүн кайсы суу пайдаланылат?

Кайра иштетүү жана казып алуу комплекстердин көлмөлөрүндө чогулган жаандын жана Исфайрам дарыясынын суусу менен тышкы булактардан кен камсыздалып турат. Көлмөлөрдөгү чогулган жаандын суусун техникалык максаттарда пайдалануу аркылуу Исфайрамсай дарыясынан алынган суунун көлөмү бир кыйла төмөндөйт. Ичкенге бөтөлкөдөгү суу пайдаланылат. Кайра иштетүү комплекс сууну туюк мерчимде айлантып иштетип, өндүрүштүк максатта иштетилген суунун комплекстен тышка чыгуусун шарттабайт. 

Исфайрам дарыясына эч кандай зыяндуу заттар түшпөйбү?

Кен иштеринин айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү элге мүмкүн болгон таасирин төмөндөтүү үчүн Компания бардык керектүү коопсуздук чараларын аткарат. Биринчи кезекте, кайра иштетүү комплекстин аянтынан Исфайрам дарыясына кандайдыр бир заттардын чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн Компания бардык тиешелүү чараларды ишке ашырат. Кайра иштетүү комплекстин долбоорунда сууну туюк мерчимде иштетүү каралган жана ага ылайык суу тынымсыз түрдө өндүрүштүк максатта улам иштетилип турат жана кендин сыртына агып чыкпайт. Ошондуктан комплекстин сыртына зыяндуу заттар чыкпайт.

Суу туюк мерчимде кайра иштетилип, комплекстин сыртына агып чыкпайт жана жер үстүндөгү суулардын нугун буруу боюнча коргоо чаралары каралат. Долбоорго ылайык кайра иштетүү комплекстин тегерегине коргоочу каналдар жана дамбалар салынат. Химиялык эритмелердин тышка жылжып куюлуп кетүүсүн алдын алуу үчүн үймөктөп шакардоо аянтынын астына суу өткөрбөгөн эки катмарлуу экран төшөлөт. Жер көчкүлөрдүн жана суу ташкындардын алдын алуу боюнча профилактикалык чаралар менен бул жерден тааныша аласыз.

Шамбесай кенинде экологиялык мониторинг жүргүзүүдө жергиликтүү жашоочулар тыштан байкоочу катары катыша алышабы?

Компания жергиликтүү жашоочулардын экологиялык мониторинг иштерине катышуусун кубаттайт. Шамбесай кенин иштетүү учурунда экологиялык мониторинг жүргүзүү үчүн жергиликтүү жашоочулардан турган атайын байкоочу топту түзүүнү пландаштырып жатабыз. 

Кен жабылгандан кийин жерлердин абалы кандай болот? Жергиликтүү жашоочулар жайыт жерлерге мал жайса болобу?

Ооба. Кен аянтынын көп бөлүгүнүн жер кыртышы калыбына келтирилип,  жергиликтүү жашоочулардын мал жаюусу үчүн керектүү абалга келтирилет. Компания жергиликтүү жашоочулар менен тыгыз кызматташтыкта жайыт жерлердин абалын жакшыртат. Участоктордогу иштер аяктаары менен ал жерлердин өсүмдүк өсүүчү катмары калыбына келтирилип турат. Долбоорду иштетүү учурунда Компаниянын адистери мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар менен бирге рекультивациялык иштердин аткарылышын көзөмөлдөп турушат. 

Жергиликтүү жашоочулар менен кеңешүүлөр өткөрүлгөнбү?

«Шамбесай» долбоору боюнча түшүнүктү жакшыртуу, жергиликтүү элди кооптондурган суроолорго жооп берүү жана ишенимге негизделген мамилелерди куруу максатында Компания жергиликтүү коомчулук менен өз ара мамиленин өнүгүүсүнө жигердүү аракет кылып келет. Компания жергиликтүү коомчулук менен кеңешүү программасын төмөнкү жолугушуу форматтарда аткарып келет: тегерек столдор, семинарлар, фокус-топтор (формалдуу жана формалдуу эмес) жана иштеп жаткан кендерге сапарлар. «Жергиликтүү коомчулук менен өз ара аракеттешүү» бөлүмүнө өтүү аркылуу жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери менен толугураак тааныша аласыз. 

«Шамбесай» долбоорун иштетүү учурунда канча адам ишке алынат?

Жергиликтүү жашоочуларды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Долбоордун пайдасын адилеттүү бөлүштүрүү максатында Компания ишке алууда жергиликтүү жашоочуларга артыкчылык берүүгө милдеттенет. Алдын ала маалымат боюнча, кенди иштетүү учурунда Майдан айыл округунун жана Кадамжай районунун жашоочуларына 250-300 кем эмес иш орду түзүлөт. 

Компания кенде иштеген жумушчулары үчүн жергиликтүү өндүрүлгөн товарларды жана кызматтарды сатып алабы?

«Зет-Эскплорер» компаниясынын сатып алуу саясатына ылайык компаниянын талаптарына жооп берсе, жергиликтүү кызмат жана товар өндүрүүчүлөргө артыкчылык берилет. Базарда сатып алына турган товарларга цемент, чопо, шагыл, ичүүчү суу жана башка суусундуктар, жашылчалар, жемиштер, нан, эт (уйдун, койдун жана тооктун эти), кеңсе товарлары, нөөмөт лагери үчүн эмерек, жуучу каражаттар, чакан жабдыктар, жергиликтүү өндүрүлгөн ар кандай материалдар жана көптөгөн башкалар кирет. Жарнама, кызматкерлер үчүн окутууларды уюштуруу, таштандыларды кайра иштетүү, ташуу, оңдоо жана башка кызматтар керектелет. 

Компания жергиликтүү жашоочуларга кандай жардам көрсөтүп, аймактын өнүгүүсүнө кандай салым кошуп келет?

«Зет-Эскплорер» компаниясы кен жайгашкан аймактын жергиликтүү элине узак мөөнөттүү социалдык жана экономикалык пайдаларды алып келүүгө умтулат. Компания аймактын жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган программаларды ишке ашыруу аркылуу Майдан айыл округуна мүмкүн болушунча жардам көрсөтүп келет. 2008-жылдын январынан 2014-жылдын августуна чейин компания Майдан айыл округунда социалдык долбоорлорду аткаруу максатында 8,4 млн. сом бөлүп берген. Компаниянын 2008-2014 - жылдар аралыгындагы социалдык долбоорлорунун толук тизмеси «Каржылык жана демөөрчүлүк жардам» бөлүмүндө жайгашкан.

«Зет-Эскплорер» жергиликтүү жашоочулар үчүн иш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга багытталган социалдык пакетти өз ыктыяры менен иштеп чыгууда.

Бардык социалдык долбоорлор жергиликтүү бийлик органдары жана жергиликтүү жашоочулар менен тыгыз кызматташтыкта пландаштырылып ишке ашырылат.