Негизги бет » Пресс борбор » Видео галерея » Шамбесай долбоору боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Z-Explorer компаниясынын катышуусундагы Оштогу кеңешме жыйын (Баткен ТВ, атайын репортаж)

Шамбесай долбоору боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Z-Explorer компаниясынын катышуусундагы Оштогу кеңешме жыйын (Баткен ТВ, атайын репортаж)

2017-жылдын 1-мартында Ош шаарында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Майдан айыл округунун башчысынын, Майдан айыл кеңешинин депутаттарынын, Майдан айыл округунун жашоочуларынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Мамсанэпидкөзөмөлдүн, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жана башка мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Шамбесай долбоору боюнча кеңешме жыйын өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө КР Өкмөтүнүн тоо-кен тармагындагы саясаты, Шамбесай тоо-металлургиялык комплекстин долбоору, “Шамбесай” долбоорунун жергиликтүү жашоочулар үчүн социалдык-экономикалык пайдалары жөнүндө презентация сунушталды.