Негизги бет » Пресс борбор » Видео галерея » «Z-Explorer» компаниясы жергиликтүү коомчулукка кандай жардам көрсөтүп келе жатат?

«Z-Explorer» компаниясы жергиликтүү коомчулукка кандай жардам көрсөтүп келе жатат?

«Z-Explorer» компаниясы Кадамжай районунун Майдан жана башка айыл округдарында социалдык жардам көрсөтүп келет. 2008-жылдан тартып 2017-жылдын август айына чейин социалдык программаларды ишке ашырууга Компания тарабынан 11 млн. сомдон ашык каражат жумшалган. Жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктары жана кооптонуулары толук эске алынуусу үчүн жергиликтүү жашоочулар жана жергиликтүү бийлик органдары менен ар дайым кеңешүүлөр өткөрүлүп турат. Долбоордор төмөнкү багыттарды камтып келет: инфраструктураны жакшыртуу (жергиликтүү мектептер жана оорукана үчүн жылытуу тутумдарын орнотуу, суу ысыткычтарды орнотуу, оорукана үчүн керебеттерди сатып берүү, Исфайрам дарыясын бойлогон жолду оңдоо, Учкоргон-Тенизбай жолун оңдоо), окутуу (тоо-кен жана экология негиздерин окутуу, компьютерде иштөөнүн негиздерин окутуу, мөмөлүү дарактарды кароо боюнча окутуу), чакан бизнести колдоо (жергиликтүү тигүү цехтеринин квалификациясын жогорулатуу, Майдан округунда күнөсканалардын курулушун каржылоо жана октуу), жаштарды өнүктүрүү (спорттук жана жаштардын башка иш-чараларына демөөрчүлүк кылуу), билим берүү (Майдан айыл округундагы абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо, Майдан айыл округунун студенттеринин КР жогорку окуу жайларында окуу акысынын 50% төлөө), маданий мурастарды сактоо (Курман-Айт майрамын жана башка маданий иш-чараларды майрамдоону каржылоо).