Негизги бет » Пресс борбор » Видео галерея » Шамбесай кенинин көрүнүшү кандай болот?

Шамбесай кенинин көрүнүшү кандай болот?

Долбоордун алкагында негизги карьер, беш кичи карьер, жараксыз тоо-тектердин чоң үйүндүсү, жараксыз тоо-тектердин кичи үйүндүсү, чанда шакардоо аянты, майдалоочу-сорттоочу аянты, үймөктөп шакардоо аянты, гидрометталлургия цехи, жардамчы имараттар жана курулмалар каралган. Иштер Майдан айылындагы айыл чарба жерлеринен жана үйлөрдөн коопсуз аралыкта жүргүзүлөт. Курулуш, алтын өндүрүү жана кенди жабуу иштеринин бардык баскычында айлана-чөйрөгө, анын ичинде сууга, топуракка жана абага болгон таасир төмөндөтүлүп, көзөмөлгө алынат. Суу ташкындардан жана жер көчкүлөрдөн коргоо пландашырылган.