Негизги бет » Айлана-чөйрө » Айлана-чөйрөнү коргоо » Абанын сапатын жана чаңды башкаруу

Абанын сапатын жана чаңды башкаруу

«Шамбесай» долбоорунда Кыргыз Республикасынын абанын сапаты боюнча мыйзамдык талаптарына туура келүү үчүн бир катар чаралар көрүлгөн: абанын сапатын коргоо план жана программалар, максималдык мүмкүн болгон аба чыгынды стандарттарына дал келүүсүн көзөмөлдөө, жана зыяндуу аба чыгындыларын уруксат берилген деңгээлге түшүрүү чаралары.

Кендеги абанын сапатын көзөмөлдөөнү Долбоордун Экология бөлүмү 2.1.6.575-96 СанПинге ылайык (Санитардык эрежелер жана стандарттар) жана төмөнкү ГОСТко ылайык жүргүзөт: Калктуу жерлер үчүн абанын сапатын көзөмөлдөө эрежелери.

Кен иштетүүдөгү эң жайылган аба чыгындысы - жолдогу унаалардан жана ачык карьерлердеги кен казуу иштеринен келип чыккан чаң болуп эсептелет. Жолдордон чыккан чаңды азайтуу үчүн жолго суу себилет жана керек болгон кээ бир жерлерде чаңды азайтуучу заттар колдонулат. Кен талкалагычтар жана конвейерлерден чыккан чаң суу сепкичтер менен басаңдатылат, жана чаң булактарында чогултуучу системалар колдонулат.

Кен жана фабрика жабылгандан кийин абанын сапаты иштердин башталышынан мурдагы абалына келтирилет.