Негизги бет » Биз жөнүндө » Шамбесай алтын кени » Инфраструктура

Инфраструктура

Кенде келечекте жайгаша турган инфраструктуралык объекттердин орун алышы төмөндөгү сүрөттө көрсөтүлгөн.

Кен иштетүү комплексинин инфраструктура объектилерине механикалык шаймандарды оңдоп-түзөө цехи, мунайзат куюучу жана сактоочу жай, унаа токтотуучу жай, сактоочу жайлар, суу калдыктарын тазалоочу жайлар, мунайзат сактоочу жайы менен дизель электростанциясы, сел токтотуучу түзүлүштөр, суу буруучу каналдар жана коопсуздук кызматынын имараттары кирет. Бардык имараттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берет. Бардык жумушчулар өз нөөмөттөрүндө нөөмөт лагеринде жашашат. Ага уктоо жана административдик-тиричилик корпусу, медициналык пункт, ашкана, кампалар, май куюучу жай жана тоо техникасын оңдоо жайы кирет.

Тоо кендерин казып чыгаруу жана кайра иштетүү комплексинин электр энергиясына болгон өндүрүштүк муктаждыктары үчүн дизель генераторлор колдонулат.

Кенде келечекте жайгашуучу инфраструктуралык объектилердин орду