Негизги бет » Айлана-чөйрө » Айлана-чөйрөнү коргоо » Ызы-чуу жана вибрацияны башкаруу

Ызы-чуу жана вибрацияны башкаруу

Кен казуу иштеринен чыккан ызы-чуунун бир канча булагы болот. Алар: кен ташуучу унаалар, экскаватор жана бульдозер сыяктуу жер казуучу техника, кен талкалагычтар (кенди керектүү өлчөмгө чейин талкалайт), конвейерлер (кенди жердин үстү менен ташыйт) жана кен иштетүүчү фабрика. Кен казуу иштеринин бир бөлүгү болгон бургулоо жана жардыруу иштери вибрацияга жол ачат, негизги вибрация таасири иш аянты менен чектелет.

Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо” мыйзамына жана башка тиешелүү ченемдик укук актыларына ылайык, «Шамбесай» долбоорунда ашыкча ызы-чуу жана вибрациянын алдын алуу же азайтуу үчүн керектүү чаралар көрүлөт. Унаалардан, жардыруу жана бургулоо иштеринен чыккан ызы-чуунун жана вибрациянын жергиликтүү калкка болгон таасирин азайтуу үчүн Компаниянын адистери аларды такай көзөмөлдөп турушат.

Ызы-чуу жана вибрациянын жергиликтүү калкка болгон таасирин азайтуу үчүн төмөнкү чаралар көрүлөт:

  • Кээ бир кен тектери үчүн механикалык ыкма, б.а. бульдозер, жерди жумшартуучу тиши бар экскаватор жана гидравликалык барскан колдонулат (№1,01;1,02;1.03 - карьерлер жана №1.04-карьердин бир бөлүгү)
  • Айылдардан эң алыста жайгашкан кен тектеринин чоң бөлүгү (1.04-карьер) тайыз скважиналарды бургулоо жана жардыруу аркылуу казылат.
  • Жардыруу жумасына 2 жолу өткөрүлөт, жардырууда басымдуулук кылган шамалдар жана айылдардан терс тарапка үйлөгөн шамалдар эске алынат.
  • Бургулоо жана жардыруу иштеринде эл аралык заманбап технологиялар колдонулат.
  • Ар бир жардыруу алдын ала жакын жашаган тургундарга билдирилет.
  • Жардыруу зонасы жардыруу учурунда толук жабылат.
  • Жергиликтүү калктын ызы-чуу жана вибрация боюнча жана башка арыздарын калыс изилдөө үчүн коомчулук менен тынымсыз байланыш кызматы иштейт.