Негизги бет » Айлана-чөйрө » Айлана-чөйрөнү коргоо » Суу ташкындын алдын алуу

Суу ташкындын алдын алуу

«Шамбесай» долбоорунда суу ташкындын алдын алуу үчүн төмөнкү чаралар көрүлөт:

  • Кен иштетүүчү фабриканын жогору жагында таза жамгыр сууларды фабрикадан буруу үчүн дамба курулат;
  • Өндүрүштүн муктаждыктары үчүн таза жамгыр сууларын фабрикадан жана кенден буруу үчүн шакардоо аянтчасынын, жараксыз тоо-тектер үймөгүнүн жана карьердин айланасына сууну буруучу арыктар казылат;
  • Үймөктөп шакардоо аянтындагы ашыкча кир сууну жаан узак мөөнөт жааса кайра фабрикада колдонуу үчүн авариялык көлмө курулат, бул суу айлана-чөйрөгө агызылбайт;
  • Үймөк беттеринин туруктуулугу жана жер көчкүлөрүн алдын алуу үчүн жерлерди этаптуу кайра калыбына келтирүү;
  • Фабриканын жана жараксыз тоо-тектер үймөгүнүн ылдыйында жайгашкан ачык карьер мүмкүн болгон жер көчкүлөрүн тозуп, кошумча коопсуздукту камсыз кылат.